Белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов 2 күн мурун Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан камакка алынган. Ырчыны камоого ага алдандык деп 6 адамдын милицияга арыз жазгандыгы себеп болгонун бүгүн, 18-августта SUPER.KG'ге аты-жөнүн билдирүүнү каалабаган тургундар айтып беришти.
“2011-жылдан тарта ырчы менен тынымсыз байланышта болуп, кызматташып жүрдүк. Ал ишенимге кирип, 2015-жылы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилейм деп менден ири суммадагы акча сурады. Жарнамалык материалдарга, сахна жасалгасына, ресторандагы чыгымдарына, жалпы 800 миң сом акча алды. Мааракесин белгилөөдөн 3 миллион сом акча түшө тургандыгын айтып, карызын дароо кайтара турганын убадалаган. Бирок тою өткөндөн кийин убадасын унутуп, ушул кезге чейин аткарбай келе жатат. Мен жогоруда айтылган акча кантип анын колуна тийгендигин банк, күрөөканадан алынган аныктама кагаздар жана башка күбөлөр менен далилдей алам”, - деди ал.
Бизге кайрылгандардын дагы бири А.Г. аттуу тургун Ош облусунан келген. Ал ырчыга ишенип 5 бодо малынан жана 40 тонна картошкасынан кол жууп калганын айтат.
“Абдумалик Шерматов менин жолдошум менен аскер кызматын бирге өтөгөн экен. Ал биздин үйгө гастролдоп жүргөндө көп келчү. 2015-жылы март айында 50 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн карызга акча сурап, 5 бодо малыбызды саттырып акчасын алып кеткен. Мындан тышкары 40 тонна картошканы Бишкектен кымбат сатып акчасын алып келем деп топтоп кеткен. Биз айылдаштардын картошка түшүмүн жыйнап, оор жүк ташуучу 2 унаага жүктөп бергенбиз.
Ал мааракесин өткөрүп, карызын үстөгү менен төлөй турганын айткан. Бизге күрөөгө деп Хонда-Степвагон унаасын таштап кеткен. Көп өтпөй кайра келип, “акча азыр банктан келет, мен дүкөндөн азык-түлүк алып келем. Сиздер даярдык көрүп туруңуздар” деп унаасы менен дүкөнгө кеткен боюнча кайра келген жок. Ошентип айылдаштарга 40 тонна картошканын акчасын өзүбүз төлөп берүүгө мажбур болдук. Жалпы эсепте ал бизге 700 миң сом бериши керек”, - деди А.Г.
Алар 1 жылдан бери ырчынын үстүнөн арыз жазып, бирок жыйынтык болбой келгенин кошумчалашты. 2 күн мурун Абдумалик Шерматов Чүй облусунун аймагында жүргөнү аныкталып, Кара-Балта шаарына жакын жерден кармалып, 2 аптага камакка алынган.
SUPER.KG порталы өз учурунда ырчы Абдумалик Шерматовдун тарабын да окуя боюнча угууга даярдыгын билдирет.