Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алгачкы атаандаштарын жеңишти

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы алгачкы беттешинде Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы атаандаштарын жеңип алды.

75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы алгачкы беттешин түштүк кореялык Намжу Хё менен өткөрдү. Анда Медет кызы 3:0 эсеби менен кореялык балбандын үстүнөн жеңишке жетти. Эми жарым чейрек финалда ал беларусь спортчусу Василиса Марзалюк менен күрөшөт.

59 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова германиялык Лаура Мертенз менен күрөштү. Беттештин жыйынтыгында ал 6:0 эсеби менен германиялык спортчуну жеңип, чейрек финалга өттү. Эми ал нигериялык Аминат Олувафунмилайо менен күрөшөт.

Ал эми 55 килограммга чейинки салмак ченинде Назира Марсбек кызы казакстандык Марина Седнева менен күрөшүп, жеңилип калды.

Эске салсак, Дүйнөдөгү мыкты 3 балбандын катарына кирген Айсулуу Тыныбекова 2017-жылдын май айында Азия чемпиондугунда жана Ислам тилектештик оюндарында алтын медалдарын жеңип алган. Ал эми Айпери Медет кызы август айынын башында күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
cholpon119966
2017-08-23 16:08:10
Азаматсынар! Кыргызстан силер менен сыймыктанат. Дагы да ийгилик жарата бергиле баарын жер тиштеткиле.
+4
Batma08
2017-08-23 16:12:49
Кандай жакшы кабар. Кубанычтамын
Кудай куч кубат берсин
+3
salimbek87.kg
2017-08-23 16:23:43
Азаматсыңар кыргыз элим силерди жеңиш менен күтөт ийгилик каалаймын Аллах өзү колдосун.
+4
aibars
2017-08-23 16:49:55
Куроштон, Улактан утуп жатабыз азаматтар.
+1
Ma9
2017-08-23 20:11:56
Эки кызга игилик калайбыз
0
bakulya2015
2017-08-23 22:14:11
Аллах ыраазы болсун. Алга кыздар ийгиликтер болсун. Бул айымдар качан саат канчада беттешке чыгышын кайдан билсем болот туугандар билесиздерби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан