Бүгүн, 3-сентябрда Ош облусундагы Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өтүүдө. Шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга барган НТС каналынын журналисттери коркутууга кабылганын SUPER.KG`ге айтып берди.
“Биз оператор менен шайлоону чагылдырууга келгенбиз. Ошол жерде өздөрүн "домком" деп тааныштырган адамдар шайлоочуларды тизмектеп жазып, фамилияларын, санын тактап жатыптыр. Биз дароо аны камерага тарта баштадык. Ошол учурда күтүүсүздөн белгисиз 3 адам биздин техникаларды алууга аракеттенип, видеокамеранын батарейкасын алып, бизге моралдык басым жасап, коркута баштады. Бул окуяны көргөн адамдар дароо телефондоруна видеого тарта баштаган соң алар качып кетишти. Биз техникаларыбызды кайра калыбына келтирип, ишибизди улантып жатабыз”, - деди НТС каналынын кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева.
Журналист бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу жагын телеканалдын жетекчилиги менен макулдашкандан кийин чече тургандыгын айтты. Эл тарабынан тартылган видео интернеттеги социалдык тармактарга тарады. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул окуяны иликтөө үчүн материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлөрүн айтты.
“Биз маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды жана видеону тиркеп, журналист Гүлжан Алтымышбаева менен такташып, маалыматтарды Ички иштер министрлигине жиберебиз. Учурда аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына да бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тапшырма берилди”, - деди БШКнын мүчөсү Абдрахматова.