Кембридж ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтондун кош бойлуу экени кечээ, 4-сентябрда Кенсингтон сарайынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Маалыматта ханбийке Миддлтон кош бойлуулуктун алгачкы айларында өзүн жакшы сезбей жаткандыктан белгисиз мөөнөткө чейин расмий иш-чараларга катыша албай тургандыгы жазылган.
Белгилей кетсек, учурда падышалык жубайлардын 2013-жылы төрөлгөн Жорж аттуу уулу жана 2015-жылы туулган Шарлотта деген кызы бар.
Эске салсак, буга чейин Кейт Миддлтондун ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилгени коомчулукка тараган. Мунун себеби катары ханбийке кош бойлуу болушу мүмкүн же көп ачка жүргөндүктөн ооруга кабылган деген божомолдор айтылган.