Рак илдетине кабылып, 5 жолу операция жасаткан Дилбар Асанакун кызы башындагы шишигин алдыруу үчүн чет өлкөгө жиберилет

Рак илдетине кабылып, 5 жолу операция жасаткан Дилбар Асанакун кызы башындагы шишигин алдыруу үчүн чет өлкөгө жиберилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда бейтап өзү SUPER.KG'ге билдирди.

"Жакында чет өлкөгө башымдагы шишикти алдыруу үчүн жөнөп жатам. Бишкектеги дарыгерлер операцияны көтөрө албайсың дешкен. Ошондуктан шишикти нур менен күйгүзүү жолу аркылуу жок кылууга чет өлкөгө жөнөтүп жатышат. Менин ден соолугума кам көрүп жаткан арабиялык фонд чыгымдарды каржылап жатат. Ошентсе дагы азыр мага акча керек болууда. Азырынча Орусияга же Түркияга баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Арабиялык фонддун өкүлдөрү чет өлкөгө чыгуу үчүн жалпы жарандык паспортумду жасатып жатышат. Эгерде чет өлкөгө кетсем 2-класстагы балам менен 2,5 жарым жаштагы уулумду кимдин кароосуна калтырарымды билбей жатам. Учурда күн сайын абалым оорлошуп, денем шалдырап, жаным жер тартып турат. Өз алдымча басып балдарымды кийиндирип, тамак берип бирин мектепке, бирин бала бакчага жиберүүгө күчүм жетпей калып жатат. Абалым оор", - деп билдирди Асанакун кызы.

Эске салсак, каарманыбыздын багып алган ата-энеси каза болуп калган. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Буга чейин оор абалга кептелип бейтапканада жатканда айрым адамдар телефон чалып, "Өлөрүңдү билип калсаң мага чал, мен балдарыңды багып алайын" дегендер болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
boris8907
2017-09-27 12:19:04
Жакшы болуп кетсин
+4
TRAMPAM
2017-09-27 16:15:35
Байкуш ушул кыздын тагдыры өтө оор болду. Жашоодо жалгыз калыптыр. Балдарынан башка таянары жок турбайбы. Жардам берчүлөр болсо жок дегенде тамак аш кийим кечек сатып беришсе болмок. Чириген байлар бир карап койгула сооп болот
+3
Totyua.71.
2017-09-28 04:47:48
Аллахым Шыфаасын берсин!
0
aydarken
2017-09-29 02:01:35
Аллахым шыпаасын берип сакайып кетсин оомиин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан