Бишкек-Ош жолунда кар жааганына байланыштуу кооптуу абал жаралып, унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы унаа жолдун тайгактыгын жоюу максатында бардык унаа кыймылдарына чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусуна чыгып бара жаткан бөлүгүндө кар жаагандан кийин жол тайгак болуп жатат. Буга байланыштуу 30-сентябрь күнү саат 18:00дөн баштап Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда бардык унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө коюлду", - дейт маалымат катчы.

Тайгак болуп жаткан унаа жолго кум, туз төгүлүп бүткөн соң жол ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан