Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымына жааган кардан улам киргизилген чектөө алынып, жол ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусуна чыгып бара жаткан бөлүгүндө кар жаагандан кийин жол тайгак болуп, натыйжада жүк ташыган унаалар жылбай туруп калып тыгын пайда болгон. Тыгынды жана жолдун тайгактыгын жоюу максатында унаа жолго чектөө киргизилген. 30-сентябрда саат 18:00дө киргизилген чектөө 1-октябрда саат 00:20да алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле аталган мекемеден учурда Бишкек-Ош унаа жолу эки тараптуу ачылып толук кандуу иштеп жатканын кошумчалашты.
Айта кетсек, кечээ күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кар жааганына байланыштуу кооптуу абал жаралып, унааларга чектөө киргизилгендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.