Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы сотко жана укук коргоо органдарына Канат Исаевдин ишин калыс карап берүүсү үчүн кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Кайрылууда Исаев Жогорку Кеңештин V-VI чакырылышынын депутаты, 4 баланын атасы экени баса белгиленүүдө. Ошондой эле анда Исаев аталган фракциянын лидери жана парламенттеги көпчүлүк коалициясынын лидери болгону эскертилген.
"Канат Исаевдин демократиянын, парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошконун эске алып, "Кыргызстан" фракциясы бул ишти ачык-айкын, калыс, мыйзам чегинде карап берүүсү үчүн укук коргоо органына, сотко кайрылат", - деп айтылат кайрылууда.
Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев массалык баш аламандыкты уюштуруу, кылмышка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 30-сентябрь күнү кармалган. Кечээ, 1-октябрда депутат 48 саатка камакка алынган болчу.