Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы подстанциядан чыккан өрт кыска туташуудан улам келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмчөсүнүн башчысы Сталбек Абдылда уулу билдирди.
"Жал кичи районундагы подстанциядан чыккан өрт электр жабдууларын куроодо эреже бузулган. Өрттүн чыгышы кыска туташуудан улам чыккан. Мында электр тогун өткөрүүчү чубалгылар күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 18:50дө толук өчүрүшкөн. Жалпысынан 10 чарчы метр аянт күйгөн", - деп билдирди Сталбек Абдылда уулу.
Эске салсак, кечээ, 5-октябрда саат 17:32лер чамасында подстанциядан өрт чыккан.