Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун модернизациялоого 386 миллион доллар сарпталган

Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек ЖЭБинин модернизациялоо бөлүмүнүн башчысы Чилдебек Айталиев маалымат турдун алкагында билдирди.

Анын айтымында, мурунку жабдуулар толугу менен бузулуп жаңы жабдууларга алмаштырылган. "Модернизациялоого чейин бул жерде 4 турбоагрегат жана 4 от казан бар болчу. Модернизациядан кийин алар 2 от казан жана 2 турбинага алмаштырылган. Мурунку жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 175 мегаватт (мВт) болсо, азыр 125 мВт электр энергияга өсүп, кубаттуулугу 300 мВтты түзөт", - деди модернизациялоо бөлүмүнүн башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан