Бүгүн, 14-октябрда көчмө урна менен добуш берүү жүргүзүлүүдө. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы одоно бузулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында президенттик талапкерлерге добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлүп жатты.
Интернетте бул маселе көтөрүлүп баштаган соң бул көрсөткүчтөр алынды.
БШКнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, сайтка добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланып калганынын себеби учурда такталып жатат.
"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 33-беренесинин 10-пунктуна ылайык, шайлоонун жыйынтыктарын эртең саат 20:00дөн кийин гана жарыялоого мүмкүн эле. Ал убакытка чейин добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоо - мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Жогоруда айтылган мыйзамга ылайык, көчмө урналар аркылуу шайлоо участкасына келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, шайлоо күнү ооруканада дарыланып жаткан жана абактагы адамдар добуш бере алышат. Бул көчмө урна менен добуш берүү шайлоо күнүнө 1 күн калганда эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн жарандар алдын ала кагаз түрүндө арыз менен кайрылуусу керек.
Бул ирет көчмө урналар аркылуу 22 миңден ашуун адам добуш бермекчи.