Ирандын Тебриз шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы алгачкы беттешинде жеңишке жетти.
Аталган мелдештин 1-турунда Кыргыз курама командасы Түркмөнстан курамасы менен беттешип 5:3 эсебинде жеңип алды.
Беттешин 3-мүнөтүндө Кыргыз курамасынын чабуулчусу Максат Алимов ката кетирип өз дарбазасына гол киргизип эсеп саны ачылды. Мындан улам Түркмөнстандын футзалчылары чабуулга чыгып 11-мүнөттө Максат Солтановдун голу менен эсепти 0:2 кылды.
2-таймда Мирлан Жолдубаев эсепти 1:2 кылса Уланбек Байгазы уулу гол киргизип эсепти теңеген. Түркмөнстан курамасы 25-мүнөттө Аннагулиевдин голу менен эсепти 2:3 кылды. Максат Алимов 29-мүнөттө мыкты сокку менен кайрадан эсепти тең кылса, 36-мүнөттө Адилет Иманбеков таамай сокку менен эсепти көбөйткөн.
40-мүнөттө Мирлан Жолдубаев беттештеги 2-голун киргизип, 5:3 эсеби менен беттеш жыйынтыкталды.
Эртең, 16-октябрда Кыргыз курама командасы Непал курамасы менен беттеш өткөрмөкчү.