Бүгүн, 29-октябрда Талас шаарынын борбордук аянтына миңдей киши митингге чыкты. Мындай маалыматты митингдин катышуучусу Айбек Мырза уулу SUPER.KG порталына билдирди.
"Топтолгон эл Алмазбек Атамбаев буга чейин Талас элинин дарегине айткан сөздөрү үчүн бизден кечирим сурасын деген талапты койгон", - деп билдирди ал.
Анын айтымында, учурда нааразычылык митингине чыккан элдин саны көбөйүүдө.