10-ноябрда Кыргыздын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков баштаган делегациясы Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин Женевада өткөн жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз тараптан барган делегация жыйында Кыргыз-Казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди. Анда Казакстан чек ара бекеттеринде негизсиз тоскоолдуктарды киргизгендиктен, Кыргыз мамлекетинен Казакстанга жана транзит аркылуу өтүп жаткан жүк ташуучулар жабыркап жатканы айтылды. Делегация казак тараптын бул аракети эркин транзит, ачык айкындуулукту камсыз кылуу, басмырлабоо боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун негизги принциптерине каршы келерин билдирди.
Далил катары чек арада кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны, экономикалык жоготуулар көрсөтүлдү. Анда Эл аралык валюта фондунун билдирүүсүнө ылайык, бул кырдаал 200 миллион доллардан ашык чыгымга алып келгени да айтылды.
Казакстандан барган делегация бул кырдаалды аткезчиликке каршы күрөш жана фитосанитардык көзөмөлдүн күчөтүлүшү менен байланыштырды.
Япония, Түштүк Корея, Молдовадан келген делегациялар эки тарапты сүйлөшүүлөр жолу менен абалды жөнгө салууга чакырды.
Белгилей кетсек, кыргыз тарап Дүйнөлүк соода уюмуна чек арада жаралган абал боюнча 17-октябрда кайрылган. Аталган уюмга 164 мамлекет кирет.