Талас шаарындагы борбордук базарда ундун баасы 100-200 сомго чейин кымбаттады. Бул тууралуу Талас шаарында жашаган тургундар билдиришти.
"1-сорттогу 50 килограмм ун бир жума мурун 1150 сом болчу. Кыргыз-Казак чек арасынан өтүү оорлошкон соң ошол эле сорттогу ундун баасы 1250 сом болууда", - дейт жергиликтүү тургун.
Борбордук базарда ун саткандар чек арадан өтүү оорлогон соң ундун баасы чынында эле өскөнүн тастыкташты. Атын атагысы келбеген сатуучу ундун жана башка азыктардын кымбатташына Казакстандын чек арасынан товарларды өткөрбөй жатканы себеп болгонун айтты.