Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, III даражадагы "Манас" ордени менен Чүй облустук согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Аскарбек Жумагулов, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинин "Перевод" илимий борборунун директору Вячеслав Шаповалов сыйланды.