Бүгүн, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Экс-президент Роза Отунбаева бул аземде көрүнгөн жок.
Бийликчил эксперттер "Роза Отунбаева президент болуп шайланган эмес, ошондуктан бүгүн бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү биринчи жолу болду" деген ойду элге сиңирүүгө аракет кылып жатышат. Кечээ Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов "Алмазбек Атамбаев өлкөдө биринчи жолу демократиялык жол менен кызматын кийинки президентке өткөрүп жатат" деп, Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарууну сунуштады. Учурда социалдык тармактарда "Бүгүн Кыргызда бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү биринчи жолу болдубу же экинчи жолубу?" деген суроонун алкагында кызуу талкуу жүрүүдө.
2011-жылдагы Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү салтанатынан видеону көрсөк, Роза Отунбаеваны сөзгө "Кыргыз Республикасынын президенти" деп чакырылганын көрүүгө болот.