Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев дагы эки айга тергөө абагында калды. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту кечээ, 25-ноябрда чыгарганын депутаттын жубайы Жамила Исаева билдирди.
"Соттук жараян жабык өтүп, Канат Исаевди дагы эки ай тергөө абагында калтыруу чечими кабыл алынды", - деди Исаева.
Эске сала кетсек, 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү УКМК депутат Исаев жана уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалганын айткан. Ал эми 2-октябрда сот Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу.