Жерде жаткан баласын белге тепкен киши күнөөсүн моюнуна албай тургандыгын айткан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2-декабрда саат 15:15терде атасы 2 жаштагы баласын алып сыртка сейилдеткени алып чыгат. Саат 16:30да атасынын үйгө кайтабыз дегенине көнбөй бала ыйлап жерге жатып алган. Ошол убакта атасы баланы тээп жиберген.
Бирок баласын тепкендиги үчүн кармалган Чүй облусунун 50 жаштагы тургуну тартылып алынган видео жөнүндө көрсөтмө берип жатып, видеону монтаждалган деп айткан.
"Жаран баланы тепкен маалда спирт ичимдигин ичкен эмес, соо абалда болгон. Ал бир уул, бир кыздын атасы. Азыркы учурда 2015-жылы төрөлгөн, тепки жеген баласы апасынын жанында ден соолугу жакшы. Бүгүн түштөн кийин бул боюнча соттун чечими чыгат", - деп билдирди ШИИББдин маалымат кызматы.
Анда белгиленгендей, бардык териштирүүлөр боюнча экспертизалар дайындалган.
Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган.
Мындан тышкары наристени жолдо жаткан кезинде тепкен адам Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштегендиги маалымдалган. Окуядан соң Мамлекеттик каттоо кызматы аны кызматтан кетире тургандыгын билдирген.