Жактоочу: "Чубак Жалиловдун 2-жолку сурагында ЖМКларга тараган маалыматтар тууралуу айтылды"

"Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине кайрадан сурак берип, ал 15-20 мүнөткө созулду. Анда негизинен диний ишмер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтар тууралуу сөз болду", - деп билдирди диний ишмердин жактоочусу Акин Токталиев бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына.

Жактоочунун айтымында, тергөөчү Чубак Жалиловго журналисттерге маалымат берүүсүн токтотууну айткан.

"Тергөөчү Чубак Жалиловго 2-декабрда өткөн сурак тууралуу маалыматтар тарагандан кийин журналисттер укук коргоо органдарынын тынчын алганын айтты. Мен айтат элем, журналисттердин кийлигишүүсү менен Чубак Жалиловго карата жасалган мыйзамсыз иш-аракеттер токтоду. Арыз жазган айымдардын арызынын негизинде кылмыш ишин козгогудай алар жабырлануучулар эмес да. Ошондуктан бул маселеге чекит коюлду деп ойлойм. Балким, бул жерде Чубак Жалиловду бир аз "кысып" коёлу" деген максат болгон", - дейт жактоочу.

Эске салсак, 2-декабрда Чубак Жалилов Бишкек ШИИББинде 6 саат сурак берген.

Буга чейин маалымдалгандай, аны укук коргоочу Азиза Абдрасулова жана депутат айымдар Аида Касымалиева, Эльвира Сурабалдиеванын арызынын негизинде суракка алышкан.

Эскерте кетсек, Чубак Жалилов 30-ноябрда Казакстанга дарылануу үчүн кетип баратканда чек арадан издөөдө жүргөндүгүн айтышып, үйүндө милиция күтүп жатат деп кайра артка кайтарышкан. Үйүнө келгенде милиция жок болгон. Кийин Чубак Жалиловду Бишкек шаардык милициясы Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жүргөн жеринен кармап келген. Кечээ, 3-декабрда Чубак Жалиловдун ден соолугу начарлап кеткендиги маалымдалган. Бирок шаардык милиция Жалиловду суракка алуу 6 саатка созулбаганын билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Bekboloooot
2017-12-04 19:23:22
Арыз жазган депутатсыңбы тигисиңби бусуңбу али бул болбогон бирөөнүн күнөөсү жок адамдын үстүүнөн тергөө жүргүзгөнүңөр үчүн бул дүйнөдө жооп бербейсиңер.
Эсиңерге түйүп алгыла, Акыретте сөз ссүз жооп бересиңер эч жака кача албайсыңар өлөсүңөр баары бир айыбы жок тынчын алганыңар үчүн акыретте сөз сүз акыйкат сот болот.
Жараткандын жанында жооп бересиңер.
Чубак Ажыга бекем ден-соолук каалаймын!
+7
Bahiya
2017-12-04 19:23:44
Ар Ким ОЗУ учун жооп берет ишинер болбосун Ошо
0
ajdaaar
2017-12-04 19:24:16
Bahiya, бекер соз!!! Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек!!!
-5
Bahiya
2017-12-04 19:38:20
ajdaaarмыйзам жок 2алба деген согласись
+1
ajdaaar
2017-12-04 19:44:31
Bahiya, барып кат-сабатынды жоюп, мыйзамдар менен таанышып чыгууну сунуштаймын сага!!!
-4
Kattaldym
2017-12-05 08:46:48
Bahiya,мыйзам бар учун сурак берип отурат го? Ай фанаттар фанаттар, аранарда ажыке эмнеге кармалганын да тушунбой эле ызылдап аткандарынар да бар экен да...
-1
Chemp85
2017-12-04 19:40:54
ajdaaar,
Сен ушунчалык акылдуусунго ээ. Мыйзамды жакшы билесинби. Ошол сен кунолоп аткан статьяны жакшылап окуп анан суйлосон. Билип билбей эле мыйзам деп эле журо бербей. Сенин далилин барбы биринчи аялы менен экинчи аялы бир уйдо турганды боюнча бул бир. Экинчи ошол эки аялынын бирисинен арыз туштубу жабырлануучу катары.учунчудон берки уч аялдын арызы жабырлануучу катары эмес коро албастыка кирет
0
ajdaaar
2017-12-04 19:45:26
Chemp85, кайсы мыйзамда 2 аял алып, бирок башка башка уйдо турса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деп жазылып турат?!! Корсот!!!!!
-6
Chemp85
2017-12-04 19:54:14
ajdaaar,кайсыл мыйзамында тартылат деп турат корсот.бир уйдо бир чарба жургузсо жазаланат деген бар. Эки аялы эки жактабы бузулган жок
+1
Snejana
2017-12-04 22:40:35
Chemp85, Ажыкенер жон жатпай, элди угуттоп атат.
-1
Bekboloooot
2017-12-04 23:57:54
Snejana,үгүттөгөн таризде деле кул болуп ана башка улуттун эркекктерине тийгенден көрө өзүбүздүн эркектердин экинчи аялы болгула же экинчи аял кылып алгыла деп атат.

Ал жакшына жашапле ала бер деген жоок туура бул ар кандай маанин түшүндүрүп жатат но жамандык каалап жаткан жок!
+1
aliakg90
2017-12-04 20:57:51
Chemp85, ошондо 2 аял алганын коро албай жазып койуштубу депутат айымдар)))
-2
Bahiya
2017-12-04 19:24:54
Капа болмой жок каттуу тийсе кечиргиле ошо
-3
ajdaaar
2017-12-04 19:31:41
2 катын алуу менен сойкулук тыйылат, башка улутка тийген кыз-келиндер токтойт, кыз-келиндер талаалабай миграция маселеси чечилет деп кимин кепилдик бере аласын?!! Эч кимин!!! Анткени жогорудагы кептер жомок!!! Кыргызымдын бир азаматына биринчи жубай болууну каалабай турк, тажик, кытайлардын колун кармагандар чалдарга 2 катын болуп олуп кетсе да тийбейт!!! Женил оокатка конгон сойкулар чалдарга 2 катын болуп барбайт! Миграция маселеси вообще чечилбейт 2 катын алуу менен!!!
-3
Bahiya
2017-12-04 19:36:43
Мыйзамда жок да 2 Ал денег ошо
-5
ajdaaar
2017-12-04 19:46:05
Bahiya, сен мыйзамдар менен таанышып анан суйлосон жакшы болоор беле?!!...
-1
sabyrer82
2017-12-04 20:41:10
Укук коргоочу депуттар колунарды тарткыла Чубак ажыдан,керек болсо мен дагы алам кааласам,бул менин жана мусулмандардын укугугу...неге деп сурагандарга акыреттен АЛЛАХ жообун берет
+3
urmat.kg87
2017-12-04 21:16:07
Аалым кишиге асылбагыла билип-билбей туруп, Чубак ажы эч качан никеси жок сүйүктүү күтпөйт,жогору жактагы аалым кишини мазактап Чубак атын ар кандай кылып өзгөртүп мазактап жазгандар акырет күндөн корккула, жөнөкөй эле кишини артын сүйлөп гыйбат кылган кандай күнөө болсо, аалым кишини жамандаш андан да чоң күнөө болот, чындык Кыргызстанда ар дайым чыркырап ыйлап турат, бирок убакыт сааты келгенде ким калп жаала жапканын көрөсүңөр!
+5
sagynbek.asranov
2017-12-04 21:25:51
Молдонун айтканын ук кылганын кылба.
-2
Zhoro
2017-12-05 00:37:52
Кулкумду келтирбечи,сура Адам олтургонду,ууруну,пара алганды,зынаа кылганды,сойкуну Жана башканы
0
Kumarchik
2017-12-05 09:17:15
Депутат айымдар качан озунордун куйоонор токол алганда жазасынар арызды чубак аажы менен ишинер болбосун Бир эле чубак аажынын 2 аялы бар бекен башкаларгада жазгыла болбосо
+1
admin_superstan
2017-12-05 12:04:11
Krai, этика нормаларын сактаңыз. Маданиятсыз сөздөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-12-05 12:12:13
ajdaaar, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына щек келтирген билдирүүлөрдү жазууга, аны мазактоого тыюу салынат. Жеке айтыщууларга жол берилбейт. 3 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-12-05 12:17:30
Akjolmaga, бирөөнүн дарегине карата негизсиз айыптарды камтыган, далили жок маалыматтарды жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-12-05 12:21:51
Medinaa, ainur78007, meni_kut, Ramina-malina, jbolotov, Aikoo2014, Chemp85, жеке айтышууларга жол берилбейт. Адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
sabyrer82
2017-12-05 21:29:27
АЛЛАнын законуна Чажыга каршы чыккандар абайлагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан