Өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен Сапар Исаковдон кечирим суроосун талап кылды

Өкмөттүн басма сөз кызматы журналист Элнура Алкановадан премьер-министр Сапар Исаковдон кечирим суроосун талап кылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Фергана.ру веб-сайтынын басылмасында "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик материал жарыяланган. "Анда келтирилген жүйөлөр чындыкка дал келбегендигине байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы Фергана.ру басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги туралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ, 18-декабрда Башкы прокуратура аталган журналисттик материал боюнча иликтөө жүргүзүп, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.

Премьер-министр Сапар Исаков 7-декабрда журналисттер менен жолугушууда "анын классташы Максим Бакиевдин мүлкүн арзан баада сатып алды" деген ЖМКларда чыккан кабар тууралуу оюн айткан. "Бакиевдин үйүн сатып алды делген адам менин "классташым" имиш. Бирок ал адам Бишкектеги мектепте окуган экен, мен болсо Ошто окугам. Мындан улам аны менен бир мектепте окуганыбыз мүмкүн эмес", - деген Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан