Депутат НТС телеканалы боюнча маселени көтөрдү

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңеш сотторду тандоо кеңешине фракциялардан сунушталган талапкерлерди бекитти. Жыйындын жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев ("Республика-Ата Журт") талапкерлерге кайрылып, сот системиндеги нааразычылыктар бар экенин айтып, НТС телеканалындагы кырдаалды карап чыгууну сурады.

"Кечээ эле биздин бир сотубуз 20 жылга соттолгон, эл аралык издөөдө жүргөн Костырин деген кишинин фирмасынан 14:00дө доо арыз алып 14:30да аныктама чыгарып, эки сааттан кийин эле кылмышкерди кармагандай милиция менен барып, НТС телеканалын басып жатат. Соттор кеңешинде ушул чечимди кабыл алган сот кандай мыйзамдарды бузгандарын, кандай кызыкчылыгы бар экенин карап чыксаңыздар.

20 жылга кесилип, эл аралык издөөдө жүргөн конфискация менен кеткен кишинин ишеним каты менен келип биздин сотторду сатып алдыбы? Эмне үчүн УКМК, прокуратура ишеним кат менен келген кишини суракка албай жатат? Эмне үчүн ал Минскиден отуруп, биздин сотторго буйрук берип жатат? Ким анын артында турат, акчабы же саясий буйрукбу, көз көрүнөө эле рейдерлик басып алуу болуп жатабы, биз буларды такташыбыз керек. Бул маселени карасаңыздар. Кантип эле 1-2 сааттын ичинде милиция кызматкерлерин ээрчитип келген сот аткаруучулар чагылгандай тездик менен иштеп жатат. Ошол ишти эмне үчүн экинчи, үчүнчү жакты чакырбастан карап жатат. Ушундай чууну салган бир судьянын билбестиги же сатылып кеткендиги", - деди Бокоев.

Айта кетсек, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Сот департаментинин маалыматына караганда, НТС телеканалынын мүлктөрүн камакка алуу боюнча аныктаманы Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 19-декабрында чыгарган. НТС телеканалынын жетекчилиги менен келишилген сүйлөшүүгө ылайык, соттун аныктамасын аткаруу 20-декабрга жылдырылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2017-12-21 11:48:18
Ушундай адилетсиздиктерди коруп билип туруп колумдан эч нерсе келбейт аттин. Эртен небере чеберем тарыхта ушундай нерселерди башыныздан откорупсуз, неге ушундай нерселерге жол бергенсинер деп суроо салса эмне деп жооп берем...?
+2
jaskaaa
2017-12-21 12:25:23
Эртен менен Тан шолааны корчу элек.Жумушсуз калтырып атат канча адамды. Кайдагы боевик кино берип койуптур. Ал иштей берсе. Не жамандык кылды.
+2
Kyrgyz06
2017-12-21 13:02:37
Бакиев менен дос болуп алышканго бул ишинер жакшы эмес эстегиле 2005 2010 ду Бакиев да ойлогон эл тынч деп эл коруп билип турат эмне иш кылып жатканынарды НТС жалгыз канал бийлике иштебеген ушуну жапсак болду деп жатышат булар эсинер барда токтоткула рейдерликти бардыгын сатып алдык деп ойлоп жатышат бир киши да ойлогон минскда журот байкуш безип эл жеринен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан