Токмокто каракчылар 25 жаштагы жаранды өлтүрүп, анын апасына, агасына жана кош бойлуу аялына оор жаракат келтиришкен

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында каракчылар 44 жаштагы аялдын үйүнө кирип, улуу баласын өлтүрүп, дагы бир баласы менен келинине жана өзүнө оор жаракаттарды келтиришкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Окуя 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү болгон. Анда Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине кирген каракчылар үй ээлерине кол салып, алар катуу жаракаттарды алышкан.

Үйдө 44 жаштагы аялдын 25 жана 22 жаштагы 2 баласы жана 16 жаштагы келини болгон. Каракчылардын колунан катуу жаракат алган 25 жаштагы баласы ооруканадан көз жумган. Үчөө ооруканага оор жаракаттары менен түшкөн.

Чүй ОИИББи аталган факты катталганын тастыкташып, учурда кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Ал эми дарыгерлер үч жаран тең баштарынан жаракат алышканын, апасы менен 22 жаштагы баласы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, 16 жаштагы келини травматология бөлүмүнө жаткырылганын билдиришти. Ошондой эле келини 2 айлык кош бойлуу экенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Saxalin
2017-12-28 16:17:48
Кыргызстаныбыз эмне болуп жатат ээ Аллах элибизге тынчтык бере коор
+8
Mers124
2017-12-28 16:18:09
Ушундайларды 3 жылга камап койбой, 15 жылга камап. Алтын жумуртка туучу тооктордой багып жата бербей. Таш талкалатып иштетсе.
+11
grace
2017-12-28 16:23:15
16 жаштагы келин дейби? Бул уйгур же дунгандар го?
+3
TalaCSKA
2017-12-28 16:26:48
Андай иштер менен кайсы балдар алектенип жургонун милициялар билишет адам омуру кыйылып жатат тез эле табышса экен
+6
Suzak12
2017-12-28 16:42:49
Эх мен бул жерде президентке кайрылар ушундай нерселерди кийлигишип карап койсо эмне деген контрол ИИМдин кызматкерлери эмнени карап олтурат
+5
toolos1982
2017-12-28 16:45:06
Келини 16жашта дейтго
+5
gute
2017-12-28 16:47:23
16 Жаштагы келини :) Закон каякты карап журот
+5
salimbek87.kg
2017-12-28 17:35:35
gute,бизде закон алда качан эле
уктап калган,качан ордуна турат?
+3
Arlenchik
2017-12-28 19:52:39
Ушундай акмактарды турмого отургузуп бакпай эле атууга кетириш керек, кылмыштуулук куч алды бул соттордун коррупцияга кокосуна чейин батканынын себеби, кылмышкерлер кармалган кундо да саткындарды сатып алып чыгып кетип атышат, тоок уурдаган байкушту соттоп ийишет оор кылмышкерлер боштондука чыгып кетет, ушуга окшогон оор кылмыш кылып адам омурун кыйгандарды атып салыш керек!
+3
33SUUN
2017-12-28 22:54:15
Зоокурлорду кармап катуу жазага тартыш керек.Омур бою эркиндигинен ажыратылсын.
0
tmttmt
2017-12-29 12:45:49
бул жерде башка иш бардай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан