Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарын кыдырууну Нарындан баштады

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарын кыдырууну Нарын облусунан баштады. Өлкө башчысы бүгүн, 10-январда Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы президенттин ишинин эң негизги багыты - коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантуу болорун белгиледи.

Ал күрөштүн башкы маңызы - өлкөдө кол тийгистер болбош керек, мыйзам баарына бирдей, мыйзам алдында баары тең жоопкер. Элди башкарам, жетекчи болом дегендер биринчи кезекте өздөрү таза болушу керек. Өзүң таза болгондо гана өзгөдөн тазалыкты талап кыла аласың. Акыркы алты жылда элдин бийликке болгон ишеними кайра жаралды. Биздин милдет - ушул ишенимди бекемдөө”, - деп белгиледи президент.

Жолугушууда жумгалдыктар жергиликтүү бийликтин жумушундагы ашыкча бюрократияны жоюу, коррупциялык элементтерди жок кылуу маселелерин айтты. Жергиликтүүлөр Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу, Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун долбоору, жол, мектеп, оорукана, бала бакчаларды куруу, жергиликтүү ишкерликти колдоо боюнча суроолорду беришти.

Сооронбай Жээнбеков суроолорго жооп берип жатып, “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлык бул маселелерди пландуу чечүүгө шарт түзүп бере турганын белгиледи.

Бул жумуш бир жылда эле бүтө калбайт, бирок акырындап, планга ылайык биз керектүү инфраструктуралык курулуштарды жана социалдык объектилерди курабыз, аймактарды өнүктүрүү жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашырабыз”, - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tynybek1989
2018-01-10 18:26:12
Баардык областка барып келиниз,айрыкча эн четки айылдарга.А бирок айтпай барыш керек,ато бизкилер президент келет деп баарын даярдайт суйлогон создоруно чейин жатташат.ошого айтпай барса кантип иштеп жатканын корот эле
+6
yrysbek
2018-01-10 18:26:24
Ушул мен учун жанылык болду, бут Кыргызстандын элинин жашоо шарты менен жеринде таанышып коруп чыкса албетте созсуз бир койгойлуу маселе чечилет деп ишенем!!!
+2
Muslim_KGstana.
2018-01-10 18:59:56
Ха ха Соке Алайда суйлогон созун унуткан го э,Болбосо башкалар бербеген убаданы дал ушул Баатыр коп созун айтып убадасын берген болчу;)
0
amirrus
2018-01-10 20:08:47
чек арадагы айылдарга барыныз президент мырза
+1
farida.kg.1991
2018-01-10 22:00:30
Лейлек районун Исфана шаарынын ак суу айлынын жолдорун ондоп берсениз,эски отургучтары сынган автобусту жок кылып жаны маршутка каттатып койсо жакшы болмок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан