Жаңы жолдорго эми 5 жылдык кепилдик берилет

Президент Сооронбай Жээнбеков "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган бул мыйзам унаа жолдорун курууда жана кайра калыбына келтирүүдө жол курган тараптын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле жолдордун сапатын жакшыртуу жана жолдорду өз учурунда тейлөөнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, унаа жолду курган тарап кетирилген кемчиликтер аныкталса, аны кайра өзү оңдоп берип, жаңы жолго 5 жыл, кайра калыбына келтирилген жана оңдолгон жолго 3 жыл кепилдик бериши шарт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
airus879015
2018-01-15 01:17:22
Джалал абадтан Ысыкол аркылуу курулуп аткан жолду айтып жатыбы.
+1
u.n.m
2018-01-15 10:48:41
airus879015,Негизи эле кандай жол курулса мындан арф Кыргызстанда
0
u.n.m
2018-01-15 10:47:51
Нарын Торугарт жолун өткөрүп ала электе киргизбейт беле мындай мыйзамды. Ошол жолду кайсы эшек, көзу көрбөгөн көр өткөрүп алды болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан