Өлкөдө эң аз 1800 сом пенсия алгандар - дыйкандар. Мугалимдердин пенсиясы 3500 сомдон ашпайт

Өлкөдө эң аз пенсия алгандар - дыйкандар. Алар болгону айына 1800 сом алышат. Ал эми мугалимдердин пенсиясы 3500 сомдон ашпайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

"Учурда өлкөдө 630 миң пенсионер бар, жылына 40-45 миң кошулат. Ал эми каза болгондор 20-25 миңге чейин болот. Ошентип жылына пенсионерлердин саны 20 миңден өйдө өсүүдө. Ал эми эң аз пенсия алгандар эмгек тажрыйбасы аз адамдар жана дыйкандар. Алар 1800 сомдон алышат. Бул төлөмгө толук эмес стаж менен Социалдык фондго аз төлөм төлөгөн жарандар да кирет. Ал эми мугалимдер 3000-3500 сомдон пенсия алууда", - деди Абжапаров.

Депутат Кенжебек Бокоев 40 жыл стажы бар мугалимдердин пенсиясы аз болуп жатканын айтты.

"Социалдык калыстык болбой жатат деген маселе көп. Бул калыстыкты качан алып келебиз. Мугалимдер 3000-3500 сомдон алууда. Ошол эле учурда кыска убакыт иштеген жарандар мугалимдер менен эле бирдей пенсия алып калууда", - деди Бокоев.

Ал эми Абжапаров мугалимдердин пенсиясын көтөрүү мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nargiz-sa
2018-01-17 11:37:29
Мугалимдер иштеген 30 40 жыл бою мамлекетке салык толоп, соц. фондго да каражат салышып, бирок аз гана же бир да жолу салык толобогондор мн бирдей пенсия алышууда. Ал эми алардын эмгегин баалаган пенде жок. Бул социалдык акыйкатсыздык жоюлуш керек.
+7
Verta-00
2018-01-17 12:18:26
Мен коруп эле журом.Омур бою эч жерде иштебегендер,40-45жыл бою мамлекет учун жаарыбаган айлыкка иштеп келген мугалимдерден 2эсе коп пенсия алышат. Мисалы мугалимдин пенсиясы 2700сом болсо,алардыкы 4700-4900 эле бир жыл мурун.Мына биздеги калыстык,омурун олконун келечегине арнаган инсандарыбызды баалаганыбыз...
+8
aijan98
2018-01-17 12:33:30
Мен курста орус-тилинен мугалим болуп иштейм,кантип соц фонд толосом болот? Билгендер жооп берип койунуздарчы сураныч
+3
izdeim_seni
2018-01-17 13:33:53
aijan98, беш жашабай жатып пенсияга аракет кылган чычым)
-9
Tunerbei1812
2018-01-17 15:53:30
izdeim_seni,бул чычым эмес милдет. Соц фондко толоодон качып кирешесин атайын жашыруу кылмыш. Кытайда олум жазасы. Ушундай элементардуу нерсени тушунбосок КР кайдан онуксун. Суроо эн туура берилген.
+7
nargiz-sa
2018-01-18 13:28:25
aijan98,эмгек келишимин тузуп иштеген жер мн алган акынын он пайызын соц. фондго чегересин анын 2% соц.страх 8% соц фондго кетет
0
JaneEr
2018-01-17 13:37:29
Уят эле.Мугалим болбосо бардыгы президент баш болуп доодур болмок.Мугалим адам кылат 36 тамга уйротуп.Пенсиясын которбойбу экен.
+5
Too-tash
2018-01-17 14:49:13
Омурун балдарды тарбиялоого арнап келечек муундарды сабаттуу кылууга, тарбиялоого арнаган мугалимдердин арзыбаган акчага пенсияга чыкканы окунучтуу. Бул акча учурда эч нерсеге жетпейт. Мисалы шаарда жалгыз турнан пенсионер болсо, бул акчага курсагын тойгуза алабы, дары-дармек, кийим кече ала алабы, пенсиясы коммуналдык толомдордон ашпай жатса...

Мурдагыдай бекер медицина да жок, бекер дары-дармек жок. Ошондо уялышпайбы ушунча пенсия бергенге...
+4
Too-tash
2018-01-17 14:50:18
Аша менен Отунбаевага толгон токой женилдиктер, анан да ай сайын 90 мин сос пенсия толонот, кайсы кыйраткан иши, "жакшылыгы" учун?!!

+1
Too-tash
2018-01-17 14:54:29
Соц.фонд ото коррупциялашкан тармак. Соц.фонддун торагасы аны айткысы келбейт...

Омуру соц.фондго жарытып акча толобогон жарандар соц.фонддун кызматкерлерине 1000-2000 сом, керек болсо 5000 сом пара берип 4000-5000 сом менен пенсияга чыгууда. Ал эми бир омур мугалим болуп, 30-40 жыл тынбай соц.фондго толом толоп келген мугалимдер 4000 минге жетпеген пенсия алышат?!! Адилеттуулук кайда?!!
+4
orhideya_15
2018-01-17 18:17:36
Too-tash ++++
+1
Totyua.71.
2018-01-17 21:26:12
Мугалимдерди шайлоодо алдап пайдаланышат,баягыы убаданын бири жок,уй байлаарга жиби жок...
+2
toolos1982
2018-01-18 14:38:23
Эң туура масале козголгон экен өкүнүчтүү стаждарын ашыра иштешкен мугалимдердин пенциялары мекенге аз кызмат кылган адамдардыкынан эки эсе аз ммммммм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан