Бишкек-Ош жолундагы Чычкан суусуна түшүп кеткен бензовоз чыгарылды

Бишкек-Ош жолундагы Чычкан суусуна түшүп кеткен бензовоз чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-январь күнү саат 15:30да кырсык болгон жерге 5 куткаруучу жана Нарын ГЭС ишканасынан 100 тонналык чоң кран барып, саат 17:30да сууга түшүп кеткен күйүүчү май ташыган унааны чыгарышкан.

Айта кетсек, кырсык 20-январь күнү саат 23:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, эки адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Ал эми бул окуя боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылганыбызда, аталган унаада 30 тоннадай бензин болгонун, анын канча бир бөлүгү сууга төгүлгөнүн билдиришти.

Ошондой эле кырсыктын кесепетинен бир эле балык чарбасынан 2 тоннадай балык өлгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан