Ташкентте денесинен 16 ийне табылып, анын 13ү операция жолу менен алынган ымыркай чарчап калды

Ташкентте денесинен 16 даана ийне табылган 11 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, ымыркай 23-январда ага операция жасалган Ташкент шаарындагы Республикалык медициналык илимий борбордун жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

"11 айлык ымыркайга оор операция жасалып, денесинен 13 даана ийнени алып чыккандан кийин жашап кете алган жок", - деген Ташкенттеги демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайера Ходжаева.

Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинде 16 даана ийне бар экендигин аныкташып, Республикалык илимий борборго жөнөтүшкөнү маалымдалган. Баланын дене табы көтөрүлүп, оор абалда борборго жеткирилген. Наристеге 9 саатка созулган операция жасалып, анын ичинен 13 даана ийне алынган. Баланын жаш курагына жана абалына байланыштуу калган 3 ийне кийинки операцияга калтырылган.

Дарыгерлер ымыркай мынча ийнени өзү жута албастыгын, бул кимдир бирөө тарабынан атайын жасалган иш болушу мүмкүн деген пикирин билдиришкен. Мындан тышкары ал денесиндеги ийнелер менен 2 айга жакын убакыт жашаган.

Баланын апасы анын тынымсыз ыйлаганынан улам ооруканага кайрылган. Ал күйөөсү Орусияда иштеп жүргөндүгүн, убактылуу өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашагандыгын айтып берген.

"Мен баламды дээрлик кароосуз калтырган эмесмин, мындай абалдын жаралышы мага түшүнүксүз" деген апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ali13
2018-01-25 12:29:02
Ой кудай ай эмне деген мыкаачылык?
+6
asil-08
2018-01-25 12:29:46
Тобаа кылдым эч бир бала оорубасын
+13
Nurmat92
2018-01-25 12:30:41
Баланы эс тартканга чейин жакшылап караш керек
+4
General.kg
2018-01-25 12:31:51
Ииий периште десе!
+12
dastan_nookat
2018-01-25 12:38:21
Бул атайын кылынган иш болушу мүмкүн өзү жута албаса керек ийнени
+10
aikokul14
2018-01-25 12:53:37
Кудай ай,өлөөрүн ойлобогон адам жасады да бул кылмышты,энесинен же атасынан өчүн ала албаган бирөө го чамасы.Жайы жаннаттан болсун периштенин,байкуш эки айдан бери ооруптур,кандай гана өкүнүчтүү.
+11
TazaKyrgyz
2018-01-25 13:03:31
Иии кудай эч кимдин башына салбасын!!!Бобок болсо периште болуп учуп кетиптир
+5
Begimkyz.
2018-01-25 13:41:05
Мээримсиз, ташбоор, мыкаачы, эшек ким кылса да колун сынып, козун кор болсун!
+6
NeRiNa
2018-01-25 13:42:42
Бечара...апасы озу куноолуу окшойт. Эч бир кароосуз калтырбаса,мындай болушу мумкун эмес.
+3
Sema87
2018-01-25 14:04:49
Озу эле жуткан менин оюмча пачкасы менен таап алып жута берген
+3
BakytAliev
2018-01-25 15:03:18
Менин оюмча пачкасы мн жуткан кийин кагазы ээрип синип жок болгондо ийне чачырап кеткен. Ойлонгула бироого тонкоштон алдын бир бирден оозунан салса тамагына эле сайылып туруп калат эле
+1
aikokul14
2018-01-25 15:18:58
BakytAliev,жуткузууга мүмкүн эмес эле,менимче ичине сайып эле киргизип салган,бул иш бир күндө болгон эмес,ийненин орду бир аз канап анан билинбей калат да,энеси байкуш көңүл бурган эмес.
0
Adiletia
2018-01-25 15:54:08
Кызык кээбирлери ийилип кетиптир ийнелердин
0
al-abu-kinesz
2018-01-25 20:37:26
Жаш бала жута албайт дагы, эч ким куч менен да жуттура албайт эй. Ийне сайылып такалып калмак кекиртегинде эле.
+3
Kuyoo_bala
2018-01-25 23:47:13
Табышмактууго,аябай
0
Ayida
2018-01-26 02:01:20
Мынча чон ийне мен деле жута албаймынго чон адам. Тан калыштуу кичинекей ийне болсода бир жон
0
albinochka2015
2018-01-26 02:13:41
Байкуш десе...эки айга жакын жашаса элестеткиле кыймылдаган сайын ар бир ийне кыймылга келип кайсы бир органына сайылып турганын...бир кундо канча жолу кыймылдайт ал бала...кандай азапта жашаптыр же тили жок айтайын десе...дагы тогуз саатык операцияны которуп...акыры ал кучу калбаган да наристенин...кандай кана зээнди кейитээрлик элестеткен сайын жаман бп жатам...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан