30-январда эртең мененки саат 9:48 чамасында Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыгып, кечки саат 18:29да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт жалпы "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундарын каптап, анын аянты 3 500 чарчы метрге жеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоонун кесепетинен 118 соода оруну күйүп кеткен.
Маалыматка ылайык, учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргеликте өрттүн келип чыгуу себебин иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы 10 күндүн аралыгында чыгат. Эгерде күнөөлүү тарап болсо тийиштүү чара көрүлөт. Андан сырткары келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатат.