Президенттик аппарат: "Сооронбай Жээнбеков журналистке каршы берген 5 миллион сомдук доо арызды чакыртып алган жок"

Президент Сооронбай Жээнбеков 24.кг сайтына салынган 5 миллион сом айып пулдан баш тартты. Ал эми сотко берүүгө түрткү болгон макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызды чакыртып алган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.

Эске салсак, бүгүн аталган сайтка президент 24.кг сайтына салынган айып пулдан баш тартканы боюнча маалымат жарыяланган.

11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.

Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту карап 5-октябрда Кабай Карабековдон жана 24.кг агенттигинен 5 миллион сомдон айып пул салуу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
guli-1980
2018-02-05 13:33:33
Кыргызстанда айлык акы канча дебей эле чондор айып салганда миллиондон суйлошот экен
+5
RusMos76
2018-02-05 15:10:20
Бизде айып салганда эн томонку пенсияны дагы карап туруп ошого салыштырмалуу салсанар 10эсе болсо 18000сом 1000эседен да кобоюп жатпайбы томоку пенсия менен салыштырганда!
0
Karban86
2018-02-05 15:57:26
Айырмасы жок окшойт беркиден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан