Аида Салянованын ордуна БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова келиши мүмкүн

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилова келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын тизмеси боюнча кезекте Гүлнара Самат-Клара турат. Анын мурдагы аты-жөнү Клара Кабилова. Ал 1963-жылы 20-августта Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Кабилова 2007-2008-жылы аталган комиссиянын төрайымы болуп иштеп келген. Ал 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоо учурунда ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны коркутканын ачык айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Эске салсак, кечээ, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, шаардык соттун өкүмү дароо күчүнө кирет.

Буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Аида Салянова соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин гана мандатынан ажыратыла турганын айткан. "Мыйзамда шаардык, облустук, райондук соттун чечими деп жазылган эмес. Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин гана депутат мандатынан ажыратылат. Мисалы, процедура боюнча айта турган болсом райондук соттун чечиминен кийин шаардык сотко кайрылбаса, анда өкүм күчүнө кирген болуп эсептелет", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан