Аксыда милиция кызматкери сүзүп кеткен мугалимдердин бирине операция жасалды

Аксы районунун Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен сүзүп кеткен мугалим аялдын бирине операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Айнагүл Дуулатова билдирди.

"Кечинде баш мээсинен катуу жабыркаган А.М. аттуу мугалимге операция жасалды. Учурда абалы дагы деле оор бойдон калууда", - деди Дуулатова.

Эскерте кетсек, 10-февралда саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен №52 “Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдерин жолдун четинде бара жаткан жеринен сүзүп кеткен.



Аксыда 4 мугалимди сүзгөн милиция кызматкери 2 айга камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madina.87
2018-02-12 09:07:12
Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин!!!Атын толук эле жазгылачы?
Болбосо М.А. деп деле койсонор ,туугандары деле тушунсо керек!!!
Окуганга ынгайсыз экен!!!
+4
Acord
2018-02-12 09:58:36
Айгып кетишсин
0
konfetka.medik
2018-02-12 11:56:10
каза болгондордун бирөөсү Жерге Талдык менин жердеш эжем а бирөөсү болсо менин кайнежем болот өтө жаман болду көргөнүбүзгө ишене албай эле отурабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан