Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде төшүн жылаңачтаган ди-джей тартип сакчылары тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарланды.
Маалыматка караганда, интернетке шаардагы түнкү клубдардын биринде ди-джей кыздын төшүн жылаңачтап отургандагы сүрөтү тараган. Муну Биринчи Май райондук милиция бөлүмү текшерүүгө алып, тийиштүү далил материалдарды топтошкон. Топтолгон материалдар райондук сотко өткөрүлүп, сот аны 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми түнкү клубдун администраторуна 1500 сом өлчөмүндө айып салынган.
Чечинип алган ди-джей украиналык Юлия Михайлова экени аныкталган. Ал DJ Julia Mixa деген ат менен чет өлкөлөрдөгү эс алуучу жайларда ди-джейлик кызмат көрсөтүп келет. Анын интернеттеги баракчаларында жылаңачтанып түшкөн сүрөттөрүнүн көп экендиги көпчүлүктүн арасында биринчи жолу чечинбегендигинен кабар берет. Өзүнүн жеке баракчасына жазгандай, ал Бишкекте 9-февралдан 9-мартка чейин иштемек.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги эс алуучу жайда сынак үчүн кыздардын төштөрүн жылаңачтагандыгы маалымдалган. Кийин сот аларга коомдук тартипти бузгандыгы үчүн эскертүү берген эле.