Ош облусунун Өзгөн районунда 17 адам тамактан ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча өкүлү билдирди.
Маалыматка караганда, 13-мартка караган түнү ооруканага тамактан ууланып 13 адам кайрылса, 13-март күнү дагы 4 адам тамактан ууланып ооруканага келишкен. Арасында өспүрүмдөр да бар.
"Өзгөн райондук ооруканасына жалпысынан 17 адам тамактан ууланып кайрылышкан. Алардын ичинен үчөө өспүрүмдөр. Уулангандар бир көчөнүн жашоочулары болушкан, ашар кылышып ошол жерден баары тамактанып, үй шартында жасалган салат жешкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, салаттан ууланган болушу мүмкүн. Учурда бир адам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, калгандарынын абалы туруктуу. Биз 2 өспүрүмдү Ошко которуп жатабыз, калгандары аймактык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - дешти мекемеден.