ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу "Бостон" жана "Бексултан" базарларынын ортосундагы абал шаар көркүн бузуп жатат" дейт окурман

"Ош шаарындагы "Бостон" жана "Бексултан" базарларынын ортосундагы өтмөк да базарга айланып кетти. Ал жердеги начар абал шаардын көркүн бузуп жатат", - деп бүгүн, 22-мартта окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, ал жолдон адамдар өтө албай кыйналышат. Анткени соодагерлер товарларын жайып алышкан.

"Эң эле кейигеним - үстүн ар кандай өңдөгү каражаттар менен жаап алышкан. Айрымдары айрылып, тытылып, салбырап турат. Мындай абал шаарда болбош керек, көптөгөн туристтердин Ош шаарын ушул абалда көрүшүнөн уялам", - деп маалымдайт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2018-03-22 16:12:09
Негизи шаардын коркун базар бузуп жаткандай
+1
almanbetperm
2018-03-22 16:15:29
Ар эки кадамда базар, больницанын алды деле базар. Парктын алды деле базар, окуу жайлардын алды деле базар, маршруттардын конечкасы деле базар. Аэропортко барсан ал жер деле базар
+1
vavilon.
2018-03-22 17:22:39
almanbetperm, Кыргызстанда базар экономикасынан башка экономика жок да. Аргасыздан соода кылып журот ошолор да, соода кыла албагандар мигрант болуп кетип атат чет олколорго. Ар кандай тармакта жумуштар болсо кана эле, башты оорутпай ошол жумуштарда иштемек эл да.
+1
arena2014
2018-03-22 19:56:13
almanbetperm,базар болбой эмне болсун анан?
0
BBB88
2018-03-22 20:19:13
Керек болсо москвада деле шаардын ортосунда базар.
+1
Zainidin96
2018-03-22 20:44:47
Урматту админ бугун баятта кырсык болуптурго силер укпадынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан