Бишкектин маршруттук таксилери иш таштай тургандыгы тууралуу мэрия кабардар болгон эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Шаардагы маршруттук таксилер иш таштай турганы боюнча бизге эч кандай маалымат келген эмес. Учурда бул боюнча тийиштүү адистер иш алып барууда. Кененирээк маалымат аз убакыттан соң таратылат", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде маршруттук таксилер каттабай жатканы боюнча маалыматты окурмандар "Элдик кабар" рубрикасына жиберишкен. Ал эми маршруттук таксилердин биринин айдоочусу мунун себебин түшүндүргөн.