2-апрелде Биринчи Май райондук сотунда ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу тууралуу жазган арызы каралып, түгөйлөр мыйзамдуу түрдө ажырашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз катчысы билдирди.
"Бекболиевдер 2007-жылдын 7-июлунда мыйзамдуу түрдө никеге турушкан экен. 2-апрелде Биринчи Май райондук сотунда ырчы Анжеликанын ажырашуу тууралуу жазган арызы канааттандырылды. Эгер экинчи тараптын чечимге нааразычылыгы болсо, 30 күн ичинде шаардык сотко кайрылууга укугу бар", - дейт басма сөз катчы.
Мындан улам ырчынын жолдошу Урмат Бекболиевге кайрылганыбызда, ал соттун чечимине макул эместигин айтып, бул иш боюнча шаардык сотко кайрыла тургандыгын билдирди.
"Сотко Анжелика экөөбүз тең барган жокпуз, биздин адвокаттарыбыз барды. Менин адвокатымдын айтуусунда, чечим дагы 1 айдан кийин күчүнө кирет. Ага чейин ишти кайрадан кароо үчүн шаардык сотко кайрылайын деп жатам. Мен үй-бүлөмдүн бузулушун, тактап айтканда жубайым менен ажырашууну каалабайм", - деди ал.
Эске салсак, Бекболиева ажырашуу тууралуу арызын өткөн жылдын декабрь айында жазган. Биринчи соттук отурум 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, ага Урмат Бекболиев келбей койгон. Ошондон бери улам жылдырылып келе жаткан.
Айта кетсек, ырчы Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт бирге түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан.
Бул тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин 6-апрелде чыга турган жаңы санынан окуй аласыздар.