Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон эки күндүк расмий иш сапары аяктады. Анын соңунда ал Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү.
Эрдоган өз сөзүндө диний аалым Фетхуллах Гүлендин ФЕТО уюму Түркия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бузууга аракет кылганын айтып, Жээнбековду гүленчилерге карата чара көрүү керектигин айтты.
"Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Бул уюм Кыргыз өлкөсү үчүн да кооптуу. ФЕТОнун башчыларын кармап, тамырын жулуу президент катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет", - деди Түркия лидери.
Айта кетсек, 2016-жылдын 15-июлунан 16-июлуна караган түнү козголоңчулар Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген. Бирок алардын аракети ишке ашпай, мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, козголоңду уюштурууга тиешеси бар делип 26 миңдей адам кармалган.
Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Бирок дин аалымы көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Гүленди кайтаруу боюнча Түркиянын өтүнүчүн АКШ дагы деле аткара элек.