Алжирде аскердик учак кулап, 247 адам каза болду

Алжирде Ил-76 аскердик учагы кырсыкка учурап, 247 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү саат менен 08:00 чамасында (Бишкек убактысы менен саат 13:00) Алжирдин Блида провинциясындагы Буфарик аэропортуна жакын жерге аскердик учак кулап түшкөн. Учак абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин эле кырсыкка учураган.

Басылмалардын маалыматына ылайык, учурда кырсыкка учураган учактагы 247 адамдын каза болгону белгилүү болгон. Бирок учакта жалпы 250 адам болгону да айтылууда.

Ошондой эле аталган маалыматта окуя болгон жерде 300 куткаруучу, 14 өрт өчүрүүчү жана 30 "Тез жардам" унаасы иштеп жатканы айтылат.

Алжирде аскердик учак кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Zainidin96
2018-04-11 17:30:19
Жакындарына сабыр жаткан жерлери жайлуу болсун
+12
esenbaev0903
2018-04-11 18:36:16
Учакта 250адам бар экен баары каза болуптур деп туруп видеого 105 адам дегениңер кандай
Т.б Жандары жаннаттан болсун
+1
Muratmipa
2018-04-11 19:32:11
esenbaev0903,247 адам каза болгон деп жазып дагы 250 адам болгон баары каза болгон деп журотко
+1
admin_media
2018-04-12 15:37:35
Muratmipa, esenbaev0903,
Саламатсыздарбы! Маалыматтар толукталды.
0
Aitun
2018-04-11 18:54:02
Жаман болуптур. Жаратканым бодо кырсыктан сакта. Бул жарыкта корбогон жакшы нерселерди жаратканым ошол жактан берсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан