Караколдо унаа жол жээгиндеги бакты сүзүп, 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-апрелге караган түнү саат 03:20лар чамасында катталган. Анда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа катуу бара жатып, жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган. Жол кырсыгынан 27 жаштагы И.К аттуу унаанын айдоочусу жана 22 жаштагы Д.Б. аттуу жүргүнчүсү жаракат алган. Унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүсү (азырынча аты-жөнү тактала элек) каза болгон. Ал жерге куткаруучулар барып, жансыз денени алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2018-04-13 14:14:11
Жаш балдар абайлап айдашса..
Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Kroxa
2018-04-13 20:42:03
Озу барып бакты сузсоо соо эмес ,,бак келип аны сузсо жалко болмок..кырсык ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан