Бишкек ШИИББи: "Иттин ким тарабынан зордукталгандыгы дагы 20 күндөн кийин белгилүү болот"
Бишкек шаарында иттин адам тарабынан зордукталганын милиция каттап, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы 30 күндө чыгарылат.
"Иттин адам тарабынан зордукталганы тууралуу факты 4-апрель күнү катталды. Тийиштүү материалдар териштирүүгө тактап айтканда, экспертизага алгач 5-апрелде жиберилген. Учурда ит ким тарабынан зордукталганы изилденүүдө. Толук жыйынтыгы дагы 20 күндөн кийин чыгып калат. Бул окуя боюнча кылмыш ишинин козголушу аталган экспертизанын жыйынтыгынан көз каранды. Тергөө иштери жүрүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 4-апрелде Бишкекте иттен адам тарабынан зордукталган белгилер табылганы маалымдалган. Кийин Бишкек ШИИББи иттин ким тарабынан зордукталышы 10 күн ичинде белгилүү болорун кабарлаган.