Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго салынган айыптан баш тартты. Бул маалыматты 17-апрелде SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева тастыктады.
Кабай Карабековдун айтымында, президент Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, журналисттен талап кылган 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартканын билдирген. "Президент Сооронбай Жээнбеков көрсөткөн үлгү колдоого жана сыйга татыктуу", - дейт журналист.
Эске салсак, 11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.
Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту карап, 5-октябрда Кабай Карабековдон жана 24.кг агенттигинен 5 миллион сомдон айып пул салуу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.
Ушул жылдын 5-февралында Сооронбай Жээнбеков 24.кг маалымат агенттигине коюлган 5 миллион сом доосунан баш тарткан. Ал эми журналист Кабай Карабековго карата айып пул боюнча арызды Жээнбеков чакыртып алган эмес болчу.
Кечээ, 16-апрелде журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сураган.
2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган.
Былтыркы жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.
Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.
3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.
4-июль күнү "Ата Мекен" партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча "Заноза" 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсациянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.