Тогуз-Торонун тургундары бүгүн да митингге чыгышат

Тогуз-Торо районунун тургундары бүгүн, 18-апрелде да райондук администрациянын алдына митингге чыгышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Токтобек Сариев аттуу тургун кабарлады.

Анын айтымында, митингге чыккандар бүгүн камакта отурган 12 адамды Тогуз-Торо РИИБине алып келүүсүн талап кылат.

"Бишкектеги Биринчи Май райондук соту баш аламандыкка байланыштуу кармалган 15 адамдын төртөөсүн бошотуп, 12 адамды камакта калтырыптыр. Ошондуктан 12 адамды Тогуз-Торо РИИБине алып келүүсүн талап кылып кайрадан митингге чыгабыз. Анткени кылмыш кайсы жерде катталса, тергөө иштери ошол жерде улантылышы керек", - деди Сариев.

Ошондой эле мындай талап менен Ак Үй алдына Бишкекте жашаган район тургундары митингге чыгарын кошумчалады.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.

Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. 17-апрелде саат 20:00 чамаларында Биринчи Май райондук соту камакта отургандардын баш коргоо чарасын карап, үч аял жана бир мектеп окуучусун өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирүү менен үйүнө бошотуп, калганын эки айга камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан