Ошто дайынсыз жоголгон таксисттин жансыз денеси ээн талаада табылды. Кармалган шектүү маркумдун Матиз унаасын тартып алуу үчүн кылмышка барганын айтууда

Ош шаарынын Жийделик айыл өкмөтүндө жоголгон таксисттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда 31 жаштагы Ильхом Эрматовдун жансыз денеси Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жердеги ээн талаадан табылган. Кылмышкерлер маркум таксисттин денесин өрттөп салышкан.

"Аталган кылмышка шектүү катары Кыргыз-Казак чек арасынан ѳтүп изин жашырууга аракет жасап жаткан учурда Кара-Суу районунун Г.Т. аттуу 28 жаштагы тургуну кармалды. Анын көрсөтмөсү менен Токмок шаарынан маркумдун унаасы табылды. Кармалган адам кылмыш боюнча толук көрсөтмөлөрдү берди.

Учурда бул факты боюнча дагы бир топ ыкчам-иликтѳѳ жана издөө иштери уланууда. Кылмышка шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, ал бул кылмышка маркумдун унаасын тартып алуу үчүн барган. Таксистти ѳлтүрүп, кылмыштын бетин жабуу максатында өрттөп жибергендигин айтты. Учурда бул кылмыш жасоого тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдар дагы изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Ошто таксист болуп иштеген 31 жаштагы жаран 13-май күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Мындан улам шаардык милиция ага издөө жарыялаган.

Унаасын тартып алуу үчүн таксистти өлтүрдү деп шектелген адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MAKALAK
2018-05-23 10:24:51
Биздин айыл го Каратай каеринде экен
-3
jasgul
2018-05-23 11:18:45
Акмактар, кантип дити барды экен. Жаткан жери жайлуу болсун...
+7
ilgizk
2018-05-23 11:19:53
Адамдар жырткыч болуп кетип атышат, арзыбаган бир матиз үчүн канча адамды зар какшатты, балдарын жетим калтырды,буга окшогон кылмышкерлерди атып жок кылыш керек,7,8 жылда эле эркиндике чыгышат, кайра эле ошол ишин кыла беришет.
+10
urmat94
2018-05-23 11:24:31
Озун дагы тируулой орттош керек буга окшогондорду
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-05-23 13:20:14
Жүз миң сомдук унаа үчүн адамдын өмүрү кыйылып жатат бул эмне деген?! Мындай кылмышкерлерди камап түрмөдө бакпай ХХХХХХХХХХХХ кийинкилерине сабак болор эле! Болбосом тааныш билиш же кийинчерээк чыгып алышат да кайра ошол ишин кайталашат! Педофилдерди ХХХХХХХХ этиш керек! Каракчыларды ХХХХХХХХХХХХХХ!Депутаттар өздөрү көп күнөө кылышат окшойт ХХХХХХХ эткен ди көтөрүп чыгышпайт!
+4
Djal1987
2018-05-24 02:45:55
Бироонун чырагын очурушуптур.
+1
BoDiNur
2018-05-24 02:50:15
Ээээх
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан