Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Илхом Эрматов 3 күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Илхом 13-май күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
"Илхом Эрматов Кара-Суу районунун Жийделик айылынын 37 жаштагы тургуну. Изделип жаткан жаран өзүнө тийиштүү Daewoo Matiz-2 үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен. Ал райондогу жеке фирмада таксист болуп иштегени белгилүү болду. Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай келип, кашы-көзү кара. Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кызыл күрмө жана кара спорттук шым кийип жүргөн", - деди маалымат катчы.
Учурда шаардык милиция дайынсыз болуп жаткан адамга издөө жарыялап, көргөн билгендер болсо төмөндөгү номерлерге байланышууну өтүнөт.
Байланыш телефондору: 0700 13-13-53, 0700 42-07-07, 0555 13-13-53, 03222 4-82-82.