Бишкекте инспекторго баш ийбей аны жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп барган айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкекте инспекторго баш ийбей аны жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге чейин алдына салып кубалаган айдоочуга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тийиштүү иштер аткарылып жатат", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 31-майда "Бишкекте айдоочу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп келди" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" видеосу менен жөнөткөн. Айдоочу окуя болгон жерге барган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын унаасы Ленин РИИБинин айып аянтчасына жеткирилген.

Инспекторду капотуна сүйрөгөн аялга карата кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurhan2702
2018-06-01 12:15:25
Аял киши экен дешти го ,жазасын алсын.
+5
al-abu-kinesz
2018-06-01 12:15:48
Камашсын. Закон баарына бирдей иштей тургандыгын корсотсун
+7
kechirmeni
2018-06-01 12:16:38
кимдин катыны болсо да жазасын бергиле
+6
bayhan
2018-06-01 12:16:48
Абдан жакшы болуптур, көпкөнүн көтүнөн чыгарыш керек катын башы менен, Жылдызка Мусабекованын түгөйүда.
+11
kalima88
2018-06-01 12:42:10
Ооой, күндө күлкүнү келтирген окуялардан учубуз кур эмес экен да.
+2
Jazdyn_tany
2018-06-01 12:51:34
Мурдагы депутат Ташболот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева экен...
+2
Ka2sr1
2018-06-01 13:12:40
Камалсын. Мыйзамга баш ийбесе.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан