Ош шаарында 26 жаштагы келин өз баласын өлтүрүүгө аракет жасап, арачага түшкөн адамдар жамандыктын алдын алып калышкан. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя шаардагы бала бакчалардын биринде болгон. Анда келин 1 жаш 3 айлык баласын диванда жаткан жеринде жаздык менен тумчуктуруп ѳлтүрүүгѳ аракет жасап жаткан учурда, бакчанын кызматкерлери аны токтотуп, наристеге жардам кѳрсѳтүлүп, аман алып калышкан.
"Жаш эне 19-июнда Кыргыз Республикасынын жаза процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 48 саатка камакка алынды. Ал адам ѳлтүрүүгѳ шектүү катары кармалган. Анын үстүнѳн "адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал ѳзүнүн мындай кылмыштуу кадамга баруусун турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандарынын каралашпагандыгы, күйѳѳсү менен ажырашкандыгы жана жокчулук жашоодон кыйналып кеткендиги менен түшүндүргѳн", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, 21-июнда Ош шаардык соту кылмышка шектүү К.К.нын баш коргоо чарасын карайт. 26 жаштагы келин К.К. мурда турмушка чыгып, бирок ажырашып кеткен. Колунда ушул наристеси болуп, аны жалгыз тарбиялап жаткан.
"Ѳзүнүн үй-бүлѳсү менен да келишпестиктери болгон. Буга чейин анын оор шарттарын эске алуу менен, "Ак жүрѳк" кризистик борбору жардам берип турган. Учурда наристенин ден соолугу канааттандырарлык. Ош шаарындагы балдар үйүнүн биринде дарыгерлер менен тарбиячылардын кѳзѳмѳлүндѳ", - дейт маалымат катчы.