Мугалим - мөмөлүү дарак. Ал эми ошол мөмөлүү дарак аталган кесип ээлери Кыргыз мамлекетинде эң аз айлык алышат. Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргыз өлкөсүндө иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң cом эмгек акы алат. Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин айтышып, эмгек акынын көлөмү алардын эмгек стажына жана сабак берген саатына жараша болорун айтышат. Ошондой эле азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан ашпай турганын белгилешет.
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман 11-июнь күнү "Мектепти оңдоп-түзөөгө мугалимдер милдеттүүбү?" деген суроого жооп алгым келет", - деп жазган. Кабар жарыялангандан кийин дароо окурмандардын талкуусун жараткан. Анда көпчүлүгү оңдоп-түзөө иштерине мугалимдер катышпоосу керектигин, ал үчүн мектепке атайын акча бөлүнөрүн айтышып, мындай окуя кайсы мектепте болгонуна кызыгышкан.
Бул көйгөй тууралуу SUPER.KG порталы Билим берүү жана илим министрлигине байланышканда канааттандырарлык жооп бере алган жок. Маалымат катчыга 4-5 жолу бул маселе тууралуу байланышканыбызда, ал жооп даярдалып жатканын айткан. Жоопту алуу үчүн биз кайрадан байланышканыбызда 6-7 жолку телефон чалууну алган жок.
Талкуу жараткан бул көйгөйдү "Элдик кабарга" маалымдаган окурман бул рубриканын июнь айындагы жеңүүчүсү деп табылды.
Анда "Өзгөн районунун Куршаб айылындагы мектепте оңдоо иштери жүрүп жатат, жыл сайын мектептерди оңдоп-түзөө иштери мугалимдерге жүктөлөт. Андан кийин гана каникулга тарашат. Бул райондогу бардык эле мектептерде ошондой тартип иштегенин билем. Айрым мугалимдер мындай жумуштарды аткара албай, өздөрүнүн чөнтөгүнөн акча төлөп, башка адамдарга жасатышат. Мектепти оңдоо иштерин мугалимдердин моюнуна жүктөө туурабы?" - деген жеңүүчү.
Видео жарыялангандан кийин бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, мугалимдердин негизги көйгөйлөрүнүн биринин айтылышына себепкер болду. "Элдик кабардын" июнь айындагы жеңүүчүсү менен таанышканыбызда, ал мындай нерсеге кайдыгер карай албай тургандыгын билдирди. Жеңүүчү (өзүнүн каалоосу менен аты-жөнү жазылган жок) "Жубайым бул кесиптин ээси болгондуктан, бул көйгөй мугалимдердин негизги маселеси", - деди ал.
- Айтсаңыз, бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?
Келинчегим мектепте мугалим болуп эмгектенет. Жыл сайын каникул башталганда эле мектептеги оңдоп-түзөө иштерине чуркап жүрөт. Бул жолкусун айылдагы адамдарды акчага жалдап өзүнө тийиштүү жерге оңдоо иштерин кылдырыптыр. Буга абдан ачуум келди. "Эмнеге мектеп жетекчилиги бул ишти өз көзөмөлүнө албайт?" деп сураштырсам, "окуу жылы аяктаганда ар бириңер классты сырдап, актайсыңар деп милдеттендирген" дешти.
- Мугалимдердин аз айлык алышы, анан дагы мектепти оңдоп-түзөө иштерине кол кабыш-кылуусу, дегеле мугалимдерге карата мамилеге болгон оюңуз?
Биринчиден, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүш керек. Себеби ата-энелер баласынын окуудагы кемчиликтерин, тартип бузууларын, дагы да башка нерселери үчүн мугалимди күнөөлөп келишет. Анан кайдагы кадыр-барк? Бул кесиптин адамдарына көңүл буруп, билим берүүдөгү маселелерди чечиш керек. Айлык акы маселеси болсо мен айткан күндө да чечиле турган түрү жок.
- Сиз жөнөткөн маалымат коомчулуктун талкуусун жаратат деп күттүңүз беле?
Ооба, анткени бул мектептердеги чыныгы көйгөй. Бул нерсе алыскы айыл жерлеринде, анан мектеп ичиндеги негизги маселе. Министрлик оңдоп-түзөөгө акча бөлүп жаткан соң эмнеге мектеп аны мугалимдерге милдеттендирет? Сабак бергени аз келгенсип, эми жайкысын классын жыйнап чыгышы керекпи?! Мындай ыкма кайсы жерде колдонулат экен?! Бул маселени мектеп жетекчилиги чечип, мугалимдерге болгон салкын мамилени өзгөртүш керек.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү:
2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман (Якутия).
2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон (Бишкек шаары).
2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман (Баткен облусу).
2017-жыл, ноябрь айы - Ош шаарындагы өспүрүм балдардын түн ичинде суукка карабай кайыр сураган балдардын маселесин көтөргөн окурман ноябрь айынын жеңүүчүсү болгон (Ош шаары).
2017-жыл, декабрь айы - Бишкек шаарында жайгашкан №3-балдар ооруканасында дем алыш күндөрү орун алган көп сааттык кезек күтүү тууралуу жазган окурман (Бишкек шаары).
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:
2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).
2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).
2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).
2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.
2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман