2017-жылдын эң акыркы, башкача айтканда, декабрь айынын жеңүүчүсү бул ирет Бишкек шаарындагы көйгөйлүү маселелердин бирин көтөрүп чыккан окурман болду. Жеңүүчү Дайырбек Сулайманов дем алыш күнү баласы сасык тумоо менен ооруп калып, Бишкектеги №3-балдар ооруканасына барып 4 саат кезек күткөнүн айткан.
"Ошол күнү дем алыш күн болчу. Балам ооруп калып, өзүбүз жашаган аймактагы ооруканага алып бардык. Ал жактагылар кабыл албай, врач жок деп кетирип жиберишкен. Андан соң Фучик көчөсүндөгү ооруканага алып бардык. Ал жактагы медайымдар дагы кабыл албай тургандыктарын айтып, №3-балдар ооруканасына баргыла дешти. Ленин районунун аймагынан бир да оорукана таппай, акыры №3-балдар бейтапканасына бардык. Кирсек бут коёрго жер жок. Балдарын көтөрүп бери дегенде эле 50дөй ата-эне кезек күтүп турган экен. Саат 11де барып кезек алдык. Ошентип күтүп отуруп кезегибиз саат 2де келип жетти", - дейт Сулайманов.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып төмөнкүчө жооп алдык:
"Шаарыбыздын тургундары өздөрүнө ыңгайлуу болгон бейтапканаларга кайрылып, тийиштүү жардамдарды алса болот. Ал жакта иштеп жаткан нөөмөттөгү врач бейтапты кароого алып, ага биринчи жардамды көрсөтүүгө жана абалына жараша белгилүү бир ооруканага багыттама берүүгө милдеттүү. Ал эми кышында №3-балдар ооруканасына кайрылгандардын саны көп болгондугуна байланыштуу кезек күтүүлөр болуп турат. Анткени кышында ОРВИ, сасык тумоо менен балдар көп ооруйт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Жеңүүчү окурман бул кабарды жиберүү менен эмнени күткөнүн сурадык:
"Жылдан жылга Бишкек шаарыбыздын жашоочуларынын саны өсүп баратат. Жаңы конуштардын санын айтпай эле коёлу. Ал жактарда дагы адамдар көбөйүүдө. Миллионго жакын калкы бар баш калаада бир эле бейтапкананын кабыл алышы чоң көйгөй.
Мен сиздерге кабар жиберген соң, дароо интернетке чыкты. Ага чейин ошончо адамды 1 эле врач көрүп жаткан. Интернетке чыккандан кийин дагы 2 врач келди. Ошентип үчөө көрө баштады. Анан кезекте тургандардын арасы бир аз суюлду. Кезек күткөндөрдүн арасында бир гана жаңы төрөлгөн балдары менен келген ата-энелер гана кезексиз киргизилип жатты. Калганыбыз балдарыбыз бакырып ыйлап, ызы-чуу менен 3-4 сааттап турдук. Айтайын дегеним, азыр Бишкекте 4 район бар. Ошол райондордун ар бирине бирден кабыл ала турган бейтапканаларды ачып койсо же кандай гана бейтапкана болбосун, бейтаптар кайрылганда нөөмөттөгү врачтарды кабыл алууга милдеттендирип койсо болмок", - дейт жеңүүчү.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү: