Кыргыз өлкөсү көз жоосун алган курулуштар, өзгөчөлүү техникалар же укмуштуу ачылыштар менен туристтерди тарта албайт. Бирок өлкөбүздө чет элдиктердин кызыгуусун жараткан ажайып жаратылышыбыз, тарыхый, сырдуу жайларыбыз көп. Өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү үчүн бизде болгон приоритеттерди туура пайдалануубуз негизги талаптардын бири болушу керек. Мына ушундай пикирдеги окурман "Элдик кабардын" август айындагы жеңүүчүсү болду. Ал Ош шаарынын жашоочусу Астра Татибекова. Татибекова Сулайман-Тоого келген туристтер түштөнүүгө кеткен кызматкерлерди күтүп отурушканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.
Анын билдирүүсүндө: "Бүгүн дем алыш күнү балдар менен Сулайман-Тоого чыктык. Эң кызыгы "обед" деп жаап коюшуптур. Менимче, эки адам болуп тыныгуусуз эле иштесе болот, сыртта күткөн эл аябай көп. Арасында чет элден келген туристтер да бар. Чет өлкөгө барып эле жүрөбүз мындай көрүнүшкө туш болгон эмеспиз. Кытайдан келгендер бар экен, алар бул көрүнүшкө таң калышууда", - деп жазылган.
Соода иштери менен алектенген, 4 баланын энеси Астра Татибекова музейдеги абалды кабарлоодо андагы кызматкерлерге зыян келтирүүнү эмес, өлкөдөгү кызмат көрсөтүүдөгү кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюуга салым кошууну максат кылганын айтат. Анын пикиринде, музейдин түштөнүү деп жабылып калышы таптакыр туура эмес.
"Биз туризмди өнүктүрүшүбүз керек деп айтабыз, бирок дал ошол тармакта иштегендер буга каршы иш жасап жатат. Түштөнүү убактысы бүткөндө музейдин кызматкерлери келип күтүп тургандар музейге кирдик. Жалпылап айтканда, тейлөө абдан начар, акчаңды алып эле киргизип жиберет. Ал жердеги экспонаттар жөнүндө билбегендер көп, туристтер болсо баарына кызыгат. Айтып, түшүндүрүп берген гид-кызматкерлер жок. Мен мындай системди эң оболу өзүбүздү сыйлабагандык жана биздин өлкөгө кызыгып келген туристтерди сыйлабагандык деп түшүнөм. Музейге кирсең кабагын чытып отурган кызматкерлерди көрөсүң. Түркия, Кытай, Орусия өлкөлөрүндө болуп келгем. Ар улуттун маданиятына кызыгам, мындан улам барган жеримде музейлерге барып турам. Мындай мамилени аты аталган өлкөлөрдөгү музейлерден кездештирген эмесмин. Буга чейин "Элдик кабарга" Шакиров көчөсүндөгү аялдаманын абалынын начар экендигин тартып жөнөткөм. Аялдама оңдолду. Ош улуттук драма театрынын кир болуп кеткен орундуктары жөнүндө да маалымдадым эле, алар да жаңыланыптыр. Мен шаарыбызга кайдыгер карабаган жашоочумун, шаарым - балдарымдын эртеңки келечеги", - деди ал.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү: